Чүйдө жүк ташуучу унаа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 3-июлда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Бекитай айылында оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 18:12де тилсиз жоо толук чектөөгө алынган. Аталган оор жүк ташуучу унаада дөңгөлөктөр жүктөлүп келе жаткан. Куткаруучулар унаанын алдыңкы бөлүгү (айдоочу отуруучу) жерин сактап кала алышкан»,-деп айтылат маалыматта.
Бактыга жараша жабыркагандар жок.