• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүйгө жаңы губернатор келди

11 Кулжа 201912:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алтынбек Намазалиев болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 11-июнда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Намазалиевди облустук өкүлчүлүктүн жамаатына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды.

Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов премьер-министрдин 10-июндагы буйругу менен кызматтан алынган.

Буга 5-июндагы окуя себеп болгон. Абдраимов ал күнү Сокулук районунун Орок айылында чыккан чырды чагылдырууга барган журналисттердин биринин турпатын келеке кылганы тууралуу видео тараган. Андагы губернатордун жоругу социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштап, ал журналисттер тарабынан катуу сынга кабылган.

6-июнда бир топ кабарчылар Чүй облустук мамлекеттик администрациясына барып, аткаминердин журналистке кылган мамилеси боюнча Абдраимовдун өзүнөн комментарий алышкан. Анда өкмөт өкүлү кабарчынын суроосуна жараша жооп узатканын, кечирим сурабай турганын айткан.

Кийин журналисттер жана коомдук активисттер анын кызматтан кетишин талап кылышкан.

Теги:
Количество просмотров: 48