“Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) ишине укуктук баа берилсин”. Мындай чечимди ЖКдагы “Кыргызстан” фракциясы жуманын башында чыгарды. Бул тууралуу фракция катчылыгынан кабарлашты.
Анда белгилүү болгондой, АРИСтин иши акыркы учурда үзгүлтүккө учурап, айыл чарба багытындагы “ПСИ-3” долбоору ар кандай алешемдиктер үчүн донорлор тарабынан токтотулуп, аймактардагы жаңы обьектилердин курулушуна салынбай, ага джумшалчу 267 млн. сомдук каражат тоңдурулуп коюлган Ошондон улам учурда курулушу башталып калган 100дөгөн обьектилер токтоп, жергиликтүү элдин үмүтү муздап турат.
“Дүйнөлүк банктын оозеки кинесинин айынан ээрчип кетип, 118 долбоор токтоп турат. Бул силердин ишиңерди жокко чыгарат. Ошону менен бирге эле долбоорго айылдарды киргизүүдө кызматкер-эксперттериңер коррупциялык жүрүштөргө барып, туура эмес айылдарды тандап алгандыгы тууралуу маалыматтар бар. Ошолор боюнча прокуратурага өзүңөр кызыкдар болуп, кайрылышыңар керек болчу”,-деди фракция депутаты Айтмамат Назаров.
Жыйынытыгында, фракция лидери Алмазбек Баатырбековдун сунушу менен АРИСтин ишмердигине канааттандыраарлык эмес деген баа берилип, агентствонун ишмердигин карап чыгуу Башкы прокуратура, АКС, каржы полициясына тапшырылды.
Бишкек.11.06.2019.Govori.TV. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алтынбек Намазалиев болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр …