• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Чайканадан чыккан өрт толук өчүрүлдү 

9 Тогуздун айы 202314:49 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Бакаев көчөсүндө жайгашкан «Ак-Бата» чайканасынан чыккан өрт толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 11:33тө чектөөгө алынып, саат 12:58де толук өчүрүлдү.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам, чайканага жакын жайгашкан 2 турак үй сакталып калды. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 99