• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Чалдыбар мектеп-интернатынын мугалимдери менен бүтүрүүчүлөрү кайрылуу жасашты

20 Кулжа 2024 16:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-июнда Таластын Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылындагы Чалдыбар мектеп-интернатынын мугалимдери менен бүтүрүүчүлөр Ак үйдүн алдына чогулуп, кайрылуу жасашты.

Алар жатак мектеп-интернатынын жабылып жаткандыгына нааразы пикирин билдирип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага, Жогорку Кеңештин депутаттарына кат жолдошту.

Чалдыбар мектеп-интернатынын мугалими Урия Атакулова аталаган мектепте жалпы 62 окуучу билим алып келгенин айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Жатак интернат 7-июнда жабылып, балдар камкорчуларына тапшырылды. 4 бала Чүй облусуна которулду. Жалпы 22 мугалим эмгектенип келген. «Манас» жатак лицейи бар болгондуктан биздин мектеп-интернатты жабуу чечими кабыл алынган экен. Деген менен биздин мектеп-интернаттын 100 жылдык тарыхы бар эле. 7-класстан 11-класска чейинки балдар билим алчу. Билим берүү жана илим министрлигине, УКМКга, Жогорку Кеңешке кайрылуу жасоо үчүн келдик», — деди ал.

Бул арада Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

«Билим берүү жана илим министрлигинин “Жетим балдар жана ата-энелеринен көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн Чалдыбар жатак-мектебин” мекемесин кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө” 2024-жылдын 7-июнундагы №881/1 буйругуна ылайык, Бакай-Ата районундагы “Жетим балдар жана ата-энелеринен көзөмөлсүз калган балдар үчүн Чалдыбар жатак-мектеби” мекемеси “Манас” жатак-лицейи” мекемесине кошулуу жолу менен кайра уюштурулат. Чалдыбар жатак-мектеби Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 20-мартындагы №452/1 сандуу “Кыргыз Республикасынын интернат түрүндөгү жалпы орто билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүнө комплекстүү текшерүү жүргүзүү жөнүндө” буйругунун негизинде текшерилип, текшерүүнүн жыйынтыгында интернатты оптимизациялоо маселеси каралган.

Жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар үчүн Чалдыбар жатак-мектеби болуп Уставы 2018-жылдын 11-июлундагы № 432/1 сандуу Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде бекитилип, мектепке балдар соттун чечиминин негизинде (камкордугу жок деген соттун чечими чыккан балдар) гана кабыл алынат деп көрсөтүлгөн.

2023-2024 окуу жылында Чалдыбар жатак-мектебинде 5 класс-комплект ачылып, журнал боюнча 65 окуучу катталып, 62 окуучу билим алган. Анын ичинен 12 тоголок жетим балдар (4 багаар-көрөөрү жок, 8 томолой жетим камкорчулары бар), 17 жарым жетим, 10 жалгыз бой энелердин балдары, 3 майыптуулугу бар ата-энелердин балдары, 4 мектептен алыс жашаган ата-энелердин балдары, 1 көп балалуу үй-бүлөнүн баласы, 15 ата-энеси ажырашып кеткен үй-бүлөлөрдүн балдары. Учурда аталган жатак-мектептин багаар-көрөөрү жок 4 тарбиялануучусу Чүйдөгү жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатына жеткирилди.

2018-жылдан бери жатак-мектепте ата-энеси бар балдар жетим жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдар катары тарбияланып, мамлекеттен ушул статустагы балдар үчүн төлөнүүчү каражат менен камсыздалып турган. Ошол эле учурда балдардын атасы же энеси мамлекет тарабынан жарым жетимдерге берилүүчү жөлөк пулду да параллелдүү түрдө алып келген.

2018-жылга чейин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жатак-мектеп болгон. Бирок Устав кайрадан бекитилгенден кийин мектептин жетекчилиги, райондук балдарды социалдык жактан коргоо бөлүмү тарабынан мектепке жайгашкан балдардын документтерин Уставга ылайыктап тууралоо боюнча эч кандай иш жүргүзүлгөн эмес. Акыркы кабыл алынган Устав боюнча жатак-мектепке камкорчулукка алынбаган томолой жетим жана көзөмөлсүз калган балдар жайгаштырылат деп көрсөтүлгөн.

Чалдыбар жатак-мектеби бардык шарты бар экендигин тастыктаган аккредитациядан өткөн эмес жана ага байланыштуу эч кандай тастыктоочу документтери жок. Бирок ага карабастан жатак-мектептин жетекчилиги тарабынан балдарды жайгаштыруу уланып келген.

Текшерүү учурунда мектепте, жатаканада тазалык сакталбагандыгы, балдарга тиешелүү өздүк гигиена каражаттарынын жоктугу, жатакана эмеректеринин эскилиги, жуунуучу мончонун көк жыттанып, өтө начар абалда экендиги, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан электр зымдарынын көбүнүн ачыктыгы аныкталган.

Ошондой эле мугалимдердин календардык жана окуу пландары бекитилген эмес, IV чейректе айрым окуучуларга баа коюлбаган, окуучулардын жыл ичиндеги жетишкендиктери боюнча таблицалар толтурулбаган. 2022-2023-окуу жылында 11-классты аяктаган бүтүрүүчүлөр болгон эмес. Ал эми 9-классты 18 окуучу аяктап, 2 окуучунун күбөлүгү берилген эмес.

Жатак-мектепте жалпысынан штаттык жүгүртмө боюнча 54 адам эмгектенет, анын ичинен 18 мугалим, 18 тарбиячы жана 18 техникалык кызматкер. Бирок 21 кызматкердин гана эмгек китепчелери аныкталган.

Чалдыбар жатак-мектебине республикалык бюджеттен 2023-2024 окуу жылына карата 14 млн 947 миң 900 сом бөлүнгөн. Атайын өздүк бюджеттен 2 млн 87 миң 152 сом кеткен.

Комиссия Чалдыбар жатак-мектебинин ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында документтерди тариздөөдө жана балдарды кабыл алууда белгиленген талаптардын сакталышын жетишээрлик камсыз кылбагандыгы үчүн жатак-мектептин директору Батырбекова Айгүл Абдрасуловнага катуу сөгүш жарыяланды.

Белгилей кетсек, “Жетим балдар жана ата-энелеринен көзөмөлсүз калган балдар үчүн Чалдыбар жатак-мектебин” мекемесин кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө” буйрук Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 479 токтому менен бекитилген “2019-2021- жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо боюнча Иш-аракеттер планын” аткаруу максатында чыкты», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 435