• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Масалиев Мадумаровдун боштондукка чыгарылбай жатканын сынга алып, кайрылуу жасады

3 Чын куран 2024 11:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны учурунда депутат Исхак Масалиев сөз сүйлөп, фракциянын лидери, учурда абакта жаткан Адахан Мадумаровго соттун чечими чыкса да, боштондукка чыгарылбай жатканын сынга алды.

«Юриспруденциянын тарыхында мындай болгон эмес. Кылмыш процессуалдык кодекстин 359-беренесинде так жазылып турат, эгер мөөнөтү өтүп, иши кыскарып, жаза колдонулбаса айыпталуучу эркидикке чыгышы керек. Бирок сот чечим күчүнө кирмейинче абакта болот деп жатат. Алты ай камакта отургузуп, аягында жаза колдонбойбуз деген кандай сөз?» , — деди Масалиев.

Депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууда мыйзам бузулганын айтты.

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 26-марттагы өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, бирок жаза чегерилген эмес.

Количество просмотров: 120