• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Чет элдик өкүл» мыйзамы: Юрист Эргешбаева президентке кайрылуу жолдоду

26 Жалган куран 2024 16:14 Бишкек Govori.TV

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева талаш жараткан “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбооруна байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

«Урматтуу президент Садыр Нургожоевич, сиз конституциялык ыйгарым укуктарыңызды пайдаланууну м/н, Жогорку Кеңешке расмий каршы пикирлерди билдирүүнүздү өтүнөм. Ал каршы пикир коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө, өзгөчө чет өлкөлүк өкүлчүлүккө тиешелүү беренелерге карата.

Сунушталып жаткан түзөтүүлөр эл аралык колдоонун азайышына алып келип, демократиялык принциптердин алкагында эркиндикке жана өнүгүүгө умтулган өлкө катары Кыргызстандын имиджине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бейөкмөт уюмдар Кыргызстандагы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана адам укуктарын коргоо тармагына чоң салым кошууда, бирок жаңы мыйзам алардын колдоосун азайтып, бийлик жана эл менен кызматташууну кыйындатат.

Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюмдарга карата каржылык ачык-айкындуулук тоолугу менен бар. Практикада, салыктык, статистикалык жана бухгалтердик отчетторду камтыган финансылык отчетторду үзгүлтүксүз берип, мыйзам чегинде киреше-чыгашалары тууралуу маалыматтарды жарыялап турушат (салык кызматынын расмий сайтында).

Мыйзам долбоорунун КЭУдын ишин саясий жана саясий эмес деп бөлүү демилгеси эл аралык милдеттенмелерге жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет, анда ар бир жаран мамлекетти жана анын иштерин башкарууга катышуу укугун баса белгилейт.

Азыркы конституциялык кырдаалда президенттик администрациянын позициясы чечүүчү болуп саналат жана диалогдун мүмкүндүгүнө ишенем», — деп жазат Эргешбаева.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же «Чет элдик өкүл» деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Мыйзамда айрым жарандарга “Чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат.

Эл аралык уюмдар, бир катар жарандык бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзамга кол койбоого чакырышкан. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда кабыл алынан. Эреже боюнча, мыйзам долбоору парламенттин колдоосун алгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Количество просмотров: 83