• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Чаткалда 37 жаштагы жаранга сегиз жолу ок атылган

9 Теке 20230:56 Бишкек Govori.TV

Чаткал районунда 37 жаштагы Ж.С., аттуу жаранга сегиз жолу ок атылып, райондук ооруканага жаткырылган.

Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришкендей, 2023-жылдын 7-июлунда болжол менен 14:30 чамасында Чаткал районунун 30 жаштагы С.Ж., аттуу тургуну жанында алып жүргөн ок атуучу куралы менен 1985-жылы туулган Ж.С., аттуу жаранды бир нече жолу атып жиберген.

Бул окуя Чаткал РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Окуя болгон жерге Чаткал РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, кароо жүргүзүү учурунда бир даана ок жана гильзалар табылып алынган. Мындан сырткары, С.Ж., өз ыктыяры менен ок атуучу куралын тергөө-ыкчам тобуна өткөрүп берген.

Аталган окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесининин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары С.Ж. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 169