• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Чек ара чыры: 11 адам ооруканада

28 Үчтүн айы 2022 9:13 Бишкек Govori.TV

 28-январда саат 07: 00гө карата алынган маалымат боюнча, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандардын саны 11 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилген.

«Жабыркаган жарандардын абалы орто оор»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын жарандары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышкан. Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан соң саат 19:30да Төрт-Көчө жолу кайрадан ачылган.

Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Тажик тарап миномёт, гранатомёт колдонгону кабарланды.

Количество просмотров: 368