Кыргызстан менен Тажикстан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар чечимдерди кабыл алды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, саат 17:30гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон турат.
«Булак-Башы жерлигинде Кыргызстандын Баткен багыты боюнча жана Тажикстандын Согди багытындагы чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу аяктады. Тараптардын ар бири болуп өткөн куралдуу окуя боюнча өз дооматтарын билдиришти. Кыргыз тарап кырдаалды курчуткан тажик чек арачыларына карата жүйөлүү аргументтерди келтирди»,-деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки республиканын чек ара өкүлдөрү төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алышты:
Жакынкы аралыкта эки республиканын чек ара делегацияларынын дагы бир жолугушуусу күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, бүгүн, 14-июнда таңга маал Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында кайрадан атылды.