Премьер-министр Улукбек Марипов Ош шаарында, андан соң Бишкекте кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кеңешмеге мамлекеттик органдын өкүлдөрү катышкан. Өкмөт башчы биринчи кезекте жергиликтүү тургундарга кам көрүп, аларды азык-түлүк, дары-дармек менен камсыз кылууну тапшырган. Марипов азык-түлүктү үзгүлтүккө учуратпай жеткирүү тапшырмасын берген.
Ал өкмөттүн алдында түзүлгөн «Баткенге жардам» штабы тарабынан жакынкы арада аталган аймакка гуманитардык жүк жөнөтүлөрүн белгилеген.