Сауд Аравиядагы абал салыштырмалуу туруктуу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иш алып барып жатабыз, — деди Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов.
Анын айтымында, окуя башталгандан тарта өлкө башчысы Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан атайын тапшырмалар берилген.
«Учурда ыкчам түрдө Сауд Аравиядагы ар бир жараныбыз менен иш алып барып жатабыз. Бул жакта окуп жаткан студенттер жана зыяратчылар менен туруктуу байланыштабыз. Умрачылар үчүн атайын штаб түзүлүп, муфтият, Дин иштери боюнча улуттук агенттик жана зыяратчыларды ташуу боюнча тандалып алынган умра компаниялары менен биргеликте атайын иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деди элчи.