• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара кызматкеринин арызын Коопсуздук кеңеши көзөмөлгө алды

31 Үчтүн айы 2020 17:49 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын подполковниги Талгат Алановдун арызын кароо создуктурулуп жаткандыгына байланыштуу Ош гарнизондук Аскер прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тийиштүү сотко чейинки өндүрүштүн мындан аркы жүрүшүн көзөмөлгө алды.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасына Талгат Алановдун Ош гарнизондук аскер прокуратурасындагы кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш материалдарын кайра өзүнө талап кылып алууну сунуштады.

Талгат Алановдун арызындагы келтирилген бардык жүйөөлөрдү сотко чейинки өндүрүштө дыкат уюштуруу жана текшерүү үчүн курамына УКМКнын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кошулган ыкчам тергөө тобу түзүлөт.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин КР Аскер прокуратурасынын жогоруда аталган ыкчам-тергөө тобунун курамына киргизүү үчүн жөнөтүү сунушталды.

Мындан тышкары, бейшемби, 30-январда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев подполковник Талгат Алановду кабыл алды.

Андан алынган материалдар сотко чейинки өндүрүштөгү материалдар менен жалпылоо үчүн Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 210