Бүгүн, 16-февралда Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселеси боюнча митинг уланды. Алар өкмөттүн кечээки расмий билдирүүсү суу кечпей турганын, жеринде абал өзгөрбөгөнүн айтышууда.
Нааразылык акциянын катышуучулары Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагына караштуу Кош-Болот айылында Кыргыз-Өзбек чек арасында абал курч экенин билдирип, өзбек чек арачылары болжол менен 130 гектар жайытка кирип келип, зым тартуу иштерин баштаганын айтышты.
«Кыргыз-Өзбек чек арасындагы пайда болгон маселелерге бийлик олуттуу көңүл бурбай жатат»,-деп билдиришти алар.
Белгилей кетсек, чек ара маселесине байланыштуу митинг 15-февраль күнү дагы өткөн. Кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендеги Паскы-Арык айылындагы Уч деп аталган жериндеги кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган аймагында Тажикстандын жарандарынын көчөт отургузуу аракети 14-февралда токтотулганын кабарлаган.