• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чек арада баасы 7 миллион сомдон ашкан контрабандалык тамекилер кармалды

12 Чын куран 202217:05 Бишкек Govori.TV

«Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери суммасы 7 миллион сомдон ашкан контрабандалык тамекилерди кармашты.

Маалыматта айбылгандай, ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып өтүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, «Оперативдүү» бажысынын Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарынан чыгып бар жаткан учурда КР жараны Ж.К.А. башкаруусунда «Mercedes-Benz 211» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Транспорттук каражатты текшерүүдө акциз маркалары жок, саны 1 740 000 даана (14 500 куту, 29 таңгак) болгон «Milano London» жана «Milano New York» соода маркасынын филтри менен тамекилер товары табылган. Кармалган жүктүн орточо базар баасы 7 395 000 сомду түздү.

Факт КБР МЭЖ АМСта катталган, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 186