Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам каза болгон прапорщик Бегзод Юлдашевдин үй-бүлөсүнө батир берүү боюнча токтомду жокко чыгарды.
Вице-мэр Азат Узаков 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңеши батир берүү боюнча чечим кабыл алганын билдирди. Бирок 2-октябрда УКМКга Юлдашевдин жубайы президент Садыр Жапаров батир бөлүп бергенин билдирген кат келип түшкөн.
Депутататтар Узаковдон кат боюнча батир июль айында берилген. Эмне үчүн бул маселе сентябрда каралган, деп сурашты.
Ал расмий каттын негизинде иш башталгандыгын билдирип, «Кийинчерээк биз батир бөлүнүп берилгенин билдик», — деди.
Токтом долбоорун 31 депутат колдоду.