22-июлда саат 17:59да Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Ачык-Суу айылынан 20 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 140 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.