• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Чек арада курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө кошумча кепилдиктер белгиленет

21 Теке 202312:55 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты 2021-жылдын 28–30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону камсыз кылуу болуп саналат.

Мыйзамда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар үчүн социалдык кепилдиктердин негизги жана кошумча түрлөрү белгиленет.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 28–30-апрелинде Баткен облусундагы жана 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен жана Ош облустарындагы окуялардын кесепетинен курман болгон адамдардын балдарына жана ата-энелерине, ошондой эле жабыр тарткан, майыптыгы бар деп таанылган адамдарга мыйзамдарда белгиленген башка социалдык төлөмдөргө кошумча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул каралган, анын өлчөмү министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

Количество просмотров: 103