• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Чек арадагы чыр. Президенттик администрация күнөөнү кыргыз тарапка жүктөгөн

25 Теке 202312:36 Бишкек Govori.TV

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасында чек арадагы тажик-кыргыз жарандарынын ортосунда болгон окуяга комментарий берип, болгон окуя боюнча өз версиясын жазган.

Анын айтымында, жаңжалды кыргыз тарап козгогон.

«Ворух тараптан Аксай айылы аркылуу 9 машина (ЗАГС) келе жатышкан, ошол учурда Кыргызстандын жараны Аксай айылынын тургуну мас абалында тажик машинасын токтотуп, таш мененуруп айнектерин сындырып салган. Тажиктер машинадан түшө калып биздин 3 жаранды сабап салышкан. Жолугушуу болду. Күнөлүүлөр боюнча териштирүү болот. Учурда кырдаал тынч, жол ачык. Жолду милиция кызматкерлери менен күчөтүлдү», — деп жазган Дайырбек Орунбеков

Бирок көп өтпөй Дайырбек Орунбеков жогорудагы билдирүүнү өчүрүп салды.

Бул арада окуянын катышуучулары менен жеке өзү жолугушкан Ак-Сай айыл өкмөт башчысы Алимбек Сабиров 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун айткандарын четке каккан. Ал белгилегендей, Кыргызстандын жараны мас абалында болгон эмес.

«Биздин жаран аялы менен бара жаткан. Кортеж эки тарабында камералар менен айдап баратып, унааны өткөрбөй койгон. Кыргызстандык айланып өтүүгө аракет кылган. Ошентип чыр башталган. Алар Ак-Сай айылынын тургунун сабап баштаганда дагы эки кыргызстандык чуркап келип, аны коргоого аракет кылышкан. Тараптар жөн эле жолду бөлүшө албай коюшкан десек болот. Мен кечээ мушташка катышкандардын баары менен жолугуштум. Баары соо болушкан. Жабырлануучунун аялынан дагы сурадым, ал ичкенби? деп. Ал «жок» жооп берди. Эксперттин корутундусу жок адамдардын абалын комментарийлөөдөн алыс болууну суранат элем», — деди Алимбек Сабиров.

Ал эми КР УКМКсынын Чек ара кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары Д.Ж. жана Д.А. жеке автоунаада Ак-Сай — Көк-Таш жолунда бара жатышкан. Ошол эле убакта аталган жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 автоунаадан турган колонна Тажикстандын Ворух анклавынан Ходжаи-Аало айылына бараткан.

«Тажикстандын жарандары унаалары менен Кыргызстандын жарандарынын унаасынын жолун кесишкен. Мунун кесепетинен Дача жергесинде жогоруда аталган Кыргызстандын жарандары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыккан. Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын ИИМнин аймактык бөлүмүнүн кызматкери келген. Бирок ал кызматкер окуя орун алган жерге келгенинде Тажикстандын жарандары — Ходжаи-Аало айылынын тургундары ага кол салышкан. Кыргызстандын ИИМнин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, унаасынын арткы айнегин сындырышкан», — деп маалымадалат билдирүүдө.

Кошумчалангандай, КР УКМК Чек ара кызматы жарандарды дүрбөлөңгө түшпөй, бардык маалыматты мамлекеттик органдардан тактоого үндөйт.

Количество просмотров: 220