• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Чек арадан аткезчилик жол менен дары жана жылкы алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

9 Үчтүн айы 2024 11:47 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда чек арадан аткезчилик жол менен дары-дармек жана жылкы алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Там жергесинде Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары 25 жаштагы К. уулу А. аттуу Сөгөт айылынын тургунун кармашкан.

Кыргызстандын жараны үч жылкыны Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган.

Ошондой эле чек арачылар Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноошкен жергесинде мамлекеттик чек ара сызыгынан Өзбекстандан Кыргызстанга чек араны кесип өткөн белгисиз жаранды байкашкан.

Мамлекеттик чек араны бузуучуну кармоо учурунда чек ара кезмети ал жаран таштап кеткен эки баштыктагы дарыларды табышкан.

Эркек адам Кыргызстандын аймагына жашырынып кеткенге жетишкен. Учурда аткезчини издөө уланууда.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, аткезчилик менен алынып өтүүгө аракет кылынган жаныбарлар менен дарылардын жалпы суммасы болжол менен 700 миң сомдон ашуун экени аныкталды.

Количество просмотров: 121