Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал тууралуу Кыргыз чек ара кызматы билдирүү таратты. Маалыматта кезек жүк ташуунун мезгилдүү көбөйүшүнөн улам жаралган.
Буга чейин, «Ак-Тилек» чек ара бекетинин кыргыз тарабында 150дөй жүк ташуучу унаа кезек күтүп турганы тууралуу маалыматтар соцтармактарга тараган.
Мекеменин басма сөз кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатканын, кезек Кыргызстандан чыгуучу жүк ташуучу унаалардан түзүлгөнүн белгиледи. Ал эми Кыргызстанга кирүүчү унааларда кезек жок.
Чек ара кызматы өткөрмө бекетинин кызматкерлери адамдарды, жүктөрдү жана унааларды мыйзам жана коопсуздук чегинде болушунча ыкчам тейлеп, өткөрүүгө аракеттенип жатышканын кошумчалады.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттерде жүк ташуучу унаалардын узун кезеги улам жаралып турат. Быйыл февралда ушул эле “Ак-Тилек” чек ара бекетинин жанында унаалардын кезеги жылбай, 20 чакырымдан ашканы айтылган