• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынан 48 катышуучу четтетилди

26 Кулжа 2023 14:28 Бишкек Govori.TV

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын шарттарын бузгандыгы үчүн 48 катышуучу байгелердин утушуна катышуу укугунан ажыратылды, алар топтогон ID-номерлердин бардыгы жокко чыгарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Лотереянын шарттарын жана эрежелерин бузган лотереянын 48 катышуучусу байгелердин утушуна андан ары катышуудан четтетилгендиги жана дисквалификациялангандыгы жөнүндө кабарланды.

Эскерте кетсек, лотереянын шарттарына ылайык, лотереянын операторунун жана уюштуруучусунун кызматкерлеринен тышкары, 18 жашка толгон керектөөчү гана лотереянын катышуучусу боло алат.

Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык, тапшырык берүүгө же сатып алууга ниеттенген же болбосо пайда көрүү менен байланышпаган, жеке (тиричилик) муктаждыктары үчүн гана товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) тапшырык берүүчү, сатып алуучу же пайдалануучу жаран керектөөчү болуп эсептелет.

Эгерде лотерея системасы четтетилген катышуучунун ID номерин тандаса, анда лотереянын талаптарына жооп бербеген катышуучу катары ал байге алуу укугун жоготот.

26-июндан 30-июнга чейин 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 20 фен ойнотулат. Тактап айтканда, күн сайын 234 адам баалуу байгелердин ээси болушат.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы 14.00.

Негизги иш-чара 1-июлда «Ала-Тоо» аянтында өткөрүлүп, 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат. Утуштар эстрада жылдыздарынын катышуусунда кызыктуу шоу-концерт менен коштолот.

Количество просмотров: 130