• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Салык кызматынын Өзгөн башкармалыгынын башчысы кармалды

18 Теке 202515:14 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “С.Л.” ЖЧКсына карата салык көзөмөлүн жүргүзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын башчысы О.К.3 кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Тактап айтканда, 2023-жылы райондук салык органынын кызмат адамдары С.Л. ЖЧКнын ишмердүүлүгүн жеринде пландан тышкаркы текшерүү учурунда салык төлөөдөн качуу боюнча коррупциялык схема аныкталып, бирок мекеме кызматкерлери аталган субъект менен кылмыштуу бүтүмгө келишкени такталган. Тагыраагы, салык органынын кызматкерлери милдеттүү салык төлөмдөрүнүн суммасын атайылап азайтышкан.
Ошентип, салык органынын кызматкерлеринин кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын башчысы О.К.3. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасаган деп айыпталууда.

Количество просмотров: 158