• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

 «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясында 1 адам 3 жолу жеңүүчү аталды

1 Теке 2022 21:34 Бишкек Govori.TV

Бекмырза Улукбеков аттуу жаран Мамлекеттик салык кызматынын “Чек талап кыл – байге утуп ал” лотереясында үч ирет жеңүүчү катары тандалды.

Алгач ал микротолкундуу мештин ээси болуп калган, бирок кийин чаң соргуч ойнотулуп жатканда система кайра аны тандап алган.

Лотереянын эрежелерине ылайык, ал эки байгенин ээси боло албайт жана система тандоону жокко чыгарды.

Натыйжада чаң соргуч Кайрат Жакыпов атуу жаранга кетти.

Кийинчерээк Улукбеков үчүнчү жолу жеңүүчү аталып — кир жуугуч машинаны утуп алды, бирок ал да кайра ойнотулду.

Мамлекеттик салык кызматы бул лотереянын катышуучуларынын билеттери көп болгондо мүмкүн экенин билдирди.

Ал эми Нарындан келген Маратбек Маметоктоев Самсунг телефонун утуп алды. Ал аянтта болгондуктан алгачкылардан болуп өз байгесин алуу үчүн сахнага чыкты.

«Унаа утуп алайын дегем, бирок телефон болуп калды», — деди Маметоктоев.

Количество просмотров: 1015