• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

1-июлда «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын чоң утушу өтөт

29 Кулжа 2023 14:55 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 1-июлунда Бишкектин Ала-Тоо аянтында Салык кызматы уюштурган «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын чоң утушу өткөрүлөт.

Салык кызматынан билдиришкендей, бул күнү 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомо ойнотулат.

Негизги байгелерден тышкары, иш-чаранын катышуучулары үчүн атайын кошумча 15 смартфон ойнотулат.

Утуштар кызыктуу шоу-программа жана эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолот. Алардын арасында Кайрат Примбердиев, Каныкей, «Инсан» тобу, Эркин Мукашев, Салтанат Аширова, Жийдеш Идирисова, Баястан, Абир Касенов сыяктуу белгилүү ырчылар бар. Алардын аткаруулары иш-чараны сыйкырдуу унутулгус музыкалык көз ирмемдерге толтурат.

Шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун бул шаңдуу иш-чарага катышууга жана 10 электромобилди жана чет өлкөгө 3 жолдомону утуп алган бактылуу адамдардын ысымын билүү үчүн лотереянын ойнотулушуна күбө болууга чакырабыз.

Иш-чара саат 19:00дө башталат. 20.00дөн тартып утуштар УТРКда, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, лотерея 26-июндан 30-июнга чейин өткөрүлүүдө, миңдеген бактылуу адамдар баалуу белектердин ээси болууда.

Бүгүнкү күндө лотереяга 236 миңден ашуун адам катышууда.

Количество просмотров: 121