Мамлекеттик салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүлүп, 2022-жылдын 31-декабрына чейин уланат. Бул тууралуу Салык кызматынын расмий сайтында кабарланат.
Маалыматта айтылгандай, байгелердин биринчи туру 2022-жылдын 1-июлунда, экинчиси 1-октябрда, үчүнчүсү ушул жылдын 31-декабрында ойнотулат.
Биринчи турда 2 автоунаа, 10 iPhone 13, 10 Samsung смартфону, 2 муздаткыч, 2 телевизор, 2 микротолкундуу меш, 2 кир жуугуч машина, 2 чаң соргуч, Ысык-Көлгө 5 жолдомо жана башка байгелер коюлат.
Экинчи утушта 1 автоунаа, 10 iPhone 13, 10 Samsung смартфону, 2 муздаткыч, 2 телевизор, 2 микротолкундуу меш, 2 кир жуугуч машина, 2 чаң соргуч жана башка байгелер ойнотулат.
Ал эми жыйынтыктоочу 3-утушта Бишкектен 1 бөлмөлүү батир, 1 автоунаа, 10 iPhone 13, 10 Samsung смартфону, 2 муздаткыч, 2 телевизор, 2 микротолкундуу меш, 2 кир жуугуч машина, 2 чаң соргуч жана башка байгелер өз бактылуу ээлерин күтөт.
Утуш номерлерди тандоо лотереянын автоматташтырылган системасы аркылуу сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) аркылуу жүргүзүлөт.
Лотереяга катышуу үчүн:
– Google play же AppStore аркылуу «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү;
– товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу;
– мобилдик тиркемеге алынган кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү жетиштүү.
Система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат.