• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Чет элдик агенттер жөнүндө мыйзам: Бекешев демилгечилерди Орусияда жашап келүүгө чакырды

3 Жетинин айы 2022 11:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев улуттук коопсуздук органдарына маалымат берип турууга милдеттендирген өкмөттүн токтомунун долбоорун сынга алды.

«Министрлер кабинети улуттук коопсуздук органдары менен кызматташуунун тартиби тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды жана маалымат берүүгө милдеттүү деген субъекттердин тизмесин жарыялады. Ал жерге баарын кошуп коюшкан. Мамлекеттик органдар, өзүн өзү башкаруу органдары, юридикалык жана жеке тараптар кошулган. Азыр ишкерлер чөйрөсү, жөнөкөй жарандар буга нааразы болуп жатат. Эч ким милдеттүү түрдө маалымат берип тургусу келбейт. Өзгөчө бул банк тармагында болсо кандай болорун элестетип жатасыңарбы. Эгер УКМК баарын маалымат берүүгө, бири-бири тууралуу арызданууга милдеттендирип жатса кандай инвестор бизге келмек эле? Президенттик администрация бейөкмөт уюмдар жөнүндө дагы бир мыйзам долбоору тууралуу демилге көтөрдү. Бул мыйзам долбоор Орусиядан көчүрүлүп алынган. Орусиянын мыйзамдарын көчүрүп алгандарга ошондой мыйзамдар жакса анда Орусияда жашап келгиле деп айтат элем»,-деди Бекешев.

Количество просмотров: 107