• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чет элдик студенттерге кол көтөрүп, карактагандар көбөйгөнү айтылды

21 Бештин айы 202112:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда чет элдик студенттерге кол көтөрүп, карактаган учурлар көбөйдү. Бул тууралуу Кыргызстандагы пакистандык студенттердин федерациясы Фейсбук баракчасына жарыялады.

Маалыматка караганда, эки пакистандык студентти жергиликтүү тургундар сабап, тоноп кетишкен.

«Кыргыз Өкмөтүнөн Кыргызстанда билим алып жаткан пакистандык студенттердин коопсуздугун коргоо чараларын көрүүнү суранабыз. Кыргызстанда билим алып жаткан чет элдик студенттердин санын эске алуу менен милиция бөлүмүндө англис тилинен котормочу болушу керек», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 123