• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Журналисттик иликтөө: Кыргызстанда чет элдик студенттерден ким жана кантип акча табат?

16 Баш оона 2022 10:48 Бишкек Govori.TV

Медицина багытындагы жогорку окуу жайлар чет элдик студенттерден акылга сыйбаган акча жасап, салык төлөшпөйт. Мындай темадагы жаңылыктар 2019-жылы массалык маалымат каражаттарынын бетинен түшкөн жок.

Ошол кезде маселени кабыргасынан койгон депутат Аида Исмаилова кийин социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр болду. Бирок бул көйгөйдүн түйүнүн чече алган жок. Баары жөнөкөй болуп чыга келди…

Медициналык окуу жайлардагы «мафия» чокуга жетти. Ал эми анын жолун торогондор тез эле тынчып калышууда. Анткени чет элдик студенттерден бизнес жасагандар керек болсо өлкө жетекчилерине чейин түз чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Алымкадыр Бейшеналиев өз кезегинде 17 менчик окуу жайды жабам деп жар салып, эми үн катпай калды.

Башында GovoriTV маалымат агенттиги медициналык окуу жайлар чын эле салык төлөбөйбү? деген таризде иликтөө жүргүздү. Бирок кийин башка коррупциялык системанын бети ачылды. Чет элдик жарандар бул бизнесте миллиондогон акча табышат. Ал эми схемага мамлекеттик структуралар дагы аралашкан.

Баары ирети менен болсун.

Кыргызстан чет элдик студенттердин саны боюнча Борбор Азияда биринчи орунду ээледи. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен республика алдыңкы позицияны ээлеп, биринчи сапта турат. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев сыймыктануу менен айтты. Бирок медициналык туризмден канча каражат түштү деген суроо туулат?

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин маалыматына ылайык, медициналык окуу жайларда жалпы 28239 чет элдик жаран билим алат. Студенттердин эң көбү Индиядан келет. Алардын саны 10 559. Экинчи орунда Пакистан — 5 773 студент. Кыргызстандагы 22 окуу жай медициналык факультеттерде чет өлкөлүк студенттерди окутат.

Юстиция министрлигинин базасында көрсөтүлгөндөй, жеке менчик медициналык окуу жайларды бул тармактан бир топ эле алыс болгон ишкерлер дагы ачып алышкан. Баардыгы үчүн бул — бизнес.

Алсак, Салымбеков университетинин негиздөөчүсү белгилүү ишкер Аскар Салымбеков.

Юстиция министрлигинин базасында белгиленгендей, «Эл аралык медициналык университетинин» негиздөөчүлөрүнүн бири болуп, мурдагы вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Жумалиевдин жубайы, Эл артисти Роза Аманова эсептелет.

2020-жылы Economist.kg менен «Декларатор» Кубанычбек Жумалиев жана анын жубайы 50гө жакын Коммерциялык фирмага ээ болуп, аларды салык декларациясында жашыргандыгы жөнүндө жазып чыгышкан.

Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту Өкмөттүн Чүй облусунун мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге катталган.

Ал 2022-жылдын 4-апрелинен тарта Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси. Тентишев өзүн ийгиликтүү бизнесмен деп эсептейт жана маңдай тери менен тапкан акчага 2019-жылы эки учак сатып алганын моюндаган.

Чет элдик студенттердин өзү чоң акча. Келишим боюнча алар окуу акысын жылына эки жолу, эки транш менен үзгүлтүксүз төлөшөт. Контрактан тышкары алардын өлкөдө чыгашасы да көп.

Окуу акысы ар кандай. Ар бир университет контракттын баасын өзү каалагандай белгилеп алган. Деген менен салык төкпөштүн айласын издеген мекемелер дагы бар.

Бир дагы жогорку окуу жай журналисттерге салык төлөө боюнча маалымат берген жок. Биздин редакция Мамлекеттик салык кызматына кат жолдоп, ачык булактардан маалымат алууга аргасыз болду.

Акыркы 3 жыл аралыгында көптөгөн жеке менчик университеттер 2019-жылы парламентте кирешелери жарыялангандан кийин кайсы бир деңгээлде салыктарды төлөй баштаган. Эң кызыгы, салык кызматынын бизге берген маалыматтары менен osoo.kg сайтындагы салык төлөө боюнча маалыматтар бири-бирине дал келбейт. Мисалы, Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын биринчи жообуна ылайык, окуу жайга салык жеңилдиктери каралгандыктан эч нерсе төлөбөгөндүгү белгиленген.

Бирок, кийин аталган университет салык төлөп турганы билинди.

Орточо эсеп менен Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайына жылына 7000 студент тапшырат. Окуу акысы 3000 долларды түзөт. Натыйжада академияга чет элдиктерден эле жылына 21 млн доллар түшөт. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, университет 2021-жылы 46 миллиондон ашуун салык төлөгөн.

ОшМУда 8516 студент билим алат, контракт баасы 2500 доллар. 21 млн доллардан ашуун каражат түшкөн. 2021-жылы Салык кызматынын маалыматы боюнча бул университет 86 миллиондон сомдон ашык салык төлөгөн.

Эл аралык жогорку медицина мектеби 4072 студентти окутат, контракт 4500 доллар. Жылына 18 млн долларды түзөт. 2021-жылы бул университет 287 млн сом салык төлөгөн.

С. Тентишев атындагы Азия медициналык институту 4816 студентти окутат, контракт 2500 доллар, жалпы кирешеси 12 млн доллар. Бул университет 2021-жылы 50 млн сом салык төлөгөн.

Эл аралык медициналык университетте 1807 студент, окуу жайдын ректорунун айтымында, контракттын баасы 1650 доллар болсо, жалпысынан университетке 3 миллион доллар түшкөн. 2021-жылы аталган окуу жай 38 млн сом салык төлөгөн.

Биз берген маалыматтар боюнча, ЖОЖдор өздөрүнүн салык отчетторун көзөмөлдөй башташты. Бирок алар киреше менен салыкты бирдей эсептейби?

Президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңештин маалыматына караганда, көптөгөн жаңы университеттер жеке агенттерге көз каранды. Университеттер кирешесинин көпчүлүк бөлүгүн контрактерлорго беришет. Билим берүү системасы, лицензиялоо жана аккредитациялоо, паспорттук-визалык кызматтар алардын толук коррупциялык таасири астында экендиги Антикоррупциялык ишкердик кеңештин отчетунда айтылат.

Чет элдик студенттер бул жакка келүү үчүн контрактерлорго 2000-3000 доллар акча беришет.

Ар бир медициналык окуу жайда, факультетте Пакистандан же Индиядан келген чет элдик контрактерлор бар. Алар чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстанга алып келе турган рекрутинг компанияларды жетектейт.

КГМА ортомчу компаниялар менен иштей баштаган биринчи университет.

Контрактер потенциалдуу студентти табат, ага виза ачат, камсыздандырууну жөнгө салат, студенттерге юридикалык жактан көмөктөшөт, ата-энеси менен байланышып турат, а түгүл аларды Кыргызстанда турак-жай менен камсыз кылат. Алгачкы жылдары студент контрактер көрсөткөн жерде жашашы керек. Бул жаатта батир бизнеси түзүлгөн.

Контрактер менен ЖОЖдордун ич ара келишимдерине токтоло турган болсок, ал жыл сайын окуу жайды чет элдик студенттер менен камсыз кылышы керек. Айрым учурларда контрактерлор университет үчүн лабораторияларды, клиникалык базаларды, кампустарды жана жатаканаларды куруу милдетин алат. Ал ректор менен гана келишим түзөт. Ыңгайлууда туурабы? Бирок контрактер студенттерден канча акча алып жатканын жана эмне үчүн кыргыз чиновниктери рекрутинг компаниялардын киреше булактарын ачыкка чыгарууну каалашпайт эч ким билбейт. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан башка бир дагы университет кайсы рекрутинг компания менен келишим түзгөнүн жана компаниялардын атын атаган жок. Бул эмнегедир чоң сыр.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин маалыматына ылайык, өлкө ЕАЭБге киргенден кийин Кыргызстанга япон унааларын алып кирүү менен алектенген пакистандык ишкерлер башка киреше булак табышкан. Алардын көбү бизнесин башка нукка буруу менен агенттин ишин колго алып, жаңы медвуздарды ача башташкан. Алар абитуриенттердин базалык билимдерин текшербей өлкөгө алып келишет. ЖОЖдор менен Билим берүү министрлиги Индия менен Пакистандын элчиликтери аркылуу аларды текшеришпейт.

Мурда унааларды алып кирүү менен алектенген ишкерлердин бири Назир Мухаммад Имран эми чоң бизнесменге айланып, Кыргызстанга 10 миллион доллардан ашык каражат инвестиция салганын «Вечерний Бишкек» редакциясына билдирген. «Эдюкешнл Эдвайзор» ЖЧКсы дал ошол Назир Мухаммад Имранга катталган. Ал Кыргызстанда алданып калганын айтып нааразы болгону бар.

Өлкөдө 20дан ашык рекрутинг компаниялар ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Ал эми жогорку окуу жайлар ортомчу компаниялардын студенттерди алып келгенине ыраазы болуп, талап деле коюшпайт. Алар кимдерди алып келишет, ар бир студенттен канча акча алышат, салык төлөшөбү?

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кысым көрсөтүлгөндөн кийин социалдык тармактарда УКМКнын өкүлү жана Абдулиндин сүйлөшүүсү деген аудио жазуу тарады.

Контрактердун УКМК менен кандай байланышы болушу мүмкүн? Бирок бул аудио Интернетте пайда болгондон бери рекрутинг компания менен атайы кызматтагылардын шектүү кызматташуусу боюнча маалыматты УКМК төгүндөгөн жок.

И баса, КГМА «СК Карьер Билдер» аттуу ортомчу компания менен келишим түзгөн. Аталган компания Кыргызстанда каттоодон өткөн. Жетекчиси Сунил Ядав.

Ачык булактардан Сунил Ядав эл аралык медицина жогорку мектебинде иштей турганы белгилүү болду. Бул университеттин эл аралык байланыштар боюнча проректору-Поту Фани Бхушан.

Экөөнү мындан тышкары «Медициналык билим берүүнү колдоо фонду» байланыштырып турат. Фонддун жетекчиси катары Поту Фани Бхушан катталган. Ал эми фонддун байланыш номуруна Сунил Ядавдын телефону жазылган. 2020-жылы бул фонд 63 миң сом гана салык төлөсө, 2021-жылы бир тыйын дагы төлөгөн эмес. Ошондой эле Поту Фани Бхушанга «Ани Интернэшнл» ЖЧК да катталган. Аталган компания бир да жолу салык төлөгөн эмес.

Медакадемия Индиядан студенттерди алып келген агент Поту Фани Бхушанды билбейбиз дегенине карабай, ал Сунил Ядав жана И. Ахунбаев атындагы медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова менен бирге иш-чарада болду. Алар Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салууга катышты.

Чет элдик студенттерге байланыштуу айтылган маалыматтарда дагы бир фигура бар. Ал Жогорку Кеңештин 3-чакырылышында депутат болгон, Баткендин мурдагы губернатору Арзыбек Бурканов.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, Баткен шаарына Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексин куруу боюнча тендерди Арзыбек Бурканов менен байланышы бар компания утуп алган. Ал «Евразия-Строй-Сервис» ЖЧКсы. Ишкананын жетекчиси Апызов Илиязбек Маманасирович.

Биз Апызовдун каттоодо көрсөтүлгөн телефон номурун Getcontact тиркемесинин жардамы менен текшерип, кээ бир абоненттерде ал Ильяз Бурканов деп сакталганын билдик. Ал эми кээ бирлери Ильяз Арзыбек деп сактаганын көрүүгө болот. Апызов менен Буркановдун тууган. “Ачык бюджет” порталында Бурканов жана анын туугандары компаниянын салыктарын төлөгөнү жазылган.

Айтмакчы, «Кактус Медианын» маалыматы боюнча, «Евразия-Строй-Сервис» ЖЧКсы 2021-жылдын 21-апрелинде курулуш үлүшчүлөрүнүн чырында аты аталган.

Иликтөөбүздүн башында медициналык жогорку окуу жайлардын ишинин мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөргөндөрдүн баары үн катпай калып жатканын айтканбыз. Буга чейин эксперт, азыр Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу 2022-жылдын июль айынын аягында министрлик жеке менчик ЖОЖдордун лицензиясын жокко чыгаруу боюнча буйрукту жокко чыгарганын билдирген. Эки башка кызматта, 5 ай аралыкта.

Албетте, инвесторлордун Кыргызстанга келиши жакшы көрүнүш. Бирок бул бизнес мамлекеттин пайдасына иштебесе, медициналык туризмдин эмне кереги бар?

Медициналык мафия тууралуу маалыматтар абдан көп. Бирок биз документ жана фактылар менен тастыкталган маалыматтарды гана жарыяладык. Андыктан бул темага чекит коюуга али эрте. Ал ортодо ар ким өзү жыйынтык чыгарсын.

Количество просмотров: 7587