• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жалал-Абадда чет элдик студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2 Аяк оона 2021 9:40 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга карша аракеттенүү кызматынын кызматкерлери чет элдик студенттер менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу учурунда Афганистанда болуп жаткан окуялар, ага байланыштуу социалдык тармактарда тараган туура эмес маалыматтарды жайылтпоо зарылдыгы белгиленди. Диний-экстремисттик маанидеги чакырыктарды, тыюу салынган диний агымдардын иш-аракеттерин билбестиктен бөлүшүп алуудан сак болуу керектиги эскертилди.

Чет элдик студенттерди Кыргызстандын мыйзамдарын үйрөнүүгө жана мыйзамдуулуктуу сактоого чакырышты. Облус аймагында кайсы өлкөнүн жараны болбосун тутунган динине, расасына, улутуна карабастан ынтымакта болуу керектигин эскертишти. Ошондой эле аларга өлкө аймагында тыюу салынган диний агымдар тууралуу маалыматтар берилди. 

Количество просмотров: 103