• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык 154 жаран коронавирус жуктурган (тизме)

22 Бугу 2020 13:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык 154 жаран коронавирус инфекциясын жуктурган. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Андагы маалыматка ылайык:

  • Россия Федерациясында – 105 адам;
  • Бириккен Араб Эмиратында – 7 адам болсо (5 бейтап дарыланып чыккан);
  • Пакистанда – 22 адам;
  • Индияда – 7 адам (1 киши каза болгон, 6 ооруканадан чыгарылган);
  • Испанияда – 1 адам (ооруканадан чыккан);
  • Малайзияда – 3 адам (ооруканадан чыккан);
  • Америка Кошмо Штатында – 1 адам (айыгып чыккан);
  • Өзбекстанда — 1 адам;
  • Грецияда — 1 адам (ооруканадан чыккан);
  • Казакстанда – 5 адам (4 бейтап Бишкекте, 1 бейтап Алматыда дарыланууда);
  • Италияда 1 адам бар.
Количество просмотров: 47