• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын киришине тыюу салынат

18 Жалган куран 2020 12:49 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу 18-мартта өкмөттүн коронавируска байланыштуу өткөргөн кезектеги басма сөз жыйынында белгилүү болду. Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов 19-марттан тартып чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын аймагына киргизүүнү убактылуу чектөө боюнча өкмөттүн токтому чыкканын маалымдады. Абдрахманов мындай чектөөлөр дипломаттарга, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө, эл аралык каттамдагы учактар менен поезддердин айдоочуларына тиешелүү эмес экенин билдирди.

«Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга келүүнү пландап жаткан чет өлкөлүк жарандарга бардык категориядагы виза берүүнү токтотту», — деди Абдрахманов.

17-мартта кыргыз өкмөтү Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын киришине убактылуу чектөө киргизгени жатканын маалымдаган. Анда чет өлкөлүктөр үчүн убактылуу чектөө боюнча азырынча бир айлык мөөнөт белгиленип жатканы кабарланган.

Количество просмотров: 67