«Кыргызнефтегаз» ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп Самсаалы Четимбаев шайланды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.
Анын талапкерлиги коомдун башкы акционери — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан сунушталган.