• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Чимкириктер кетсин!». Ак үйдүн алдындагы митингчилер депутаттарга нааразы

27 Үчтүн айы 2021 13:48 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 27-январда «Ала-Тоо» аянтта жайгашкан Ак үйдүн алдында парламенттин таркатылышын талап кылган элдин митинги өттү. Акциянын катышуучулары «чимкириктер кетсин!», «парламент тарасын!» деген жазууларды кармап турушту.

Тынчтык митингдин катышуучусу, жарандык активист Мирлан Орозбаевдин айтымында, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттарынын конституциялык реформа жасоого укугу жок.

«Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен айрымдары жумушка келсе келет, келбесе жок. Жумасына 2 жолу кол койгону келишет. Мына ушул депутаттар кошомат кылып жүрүп, мурдагы президенттерди аңга түрттү. Бирөөсүн каматты, башкасын кубалатышты.Садыр Нургожоевич бул чакырылышты таркатып, жаңы жүздөр менен келечектин мыйзамын жазыңыз. Депутаттар өздөрү деле тарап кетсе жарашат»,-деди Орозбаев.

Ошондой эле акциянын катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаттар тобу демилгелеген Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жокко чыгарып, элдик курултайдын ыйгарым укуктарын кеңейтишин талап кылышты.

Количество просмотров: 359