• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чоң-Алайда кар жаап, түшүмдөр кар алдында калды

16 Аяк оона 2018 11:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.09.2018. Govori.TV
Чоң-Алай районунун Кашка-Суу жана Чоң-Алай айыл округдарында соңку эки күндөн бери кар жаап, кардын көлөмү кызыл ашыкка чейин жетти. Бул тууралуу аталган айыл округдардын жетекчилери кабарлады.
Тоолордо кардын көлөмү 50 смге чейин жетти. Эки аймактагы жайлоолордо калган он чакты чабан, короо койлору жана бодо малдары менен айылга түшүрүлдү. Аларга атайын техника жиберилип, тоолорго кетчү жолдор ачылды.
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Салайдин Бакиров ырастагандай, картөшкө жана башка эгиндер кардын алдында калып, үшүк уруп кеткен. Кар эрий баштаганы тургундар жапырт түшүмдөрүн каза баштады.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Тайырбек Жайчыбеков да маалыматты ырастап, кыштактагы карлар эрип кеткенин, тоо жана дөңсөө жактар ошол бойдон турганын айтты. Ал ошондой эле катуу суук болуп жатканын да кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, Чоң-Алай району Ош облусунун эң тоолуу аймактарынын бирине кирет. Райондо жалпысынан 25 миңдей калк жашайт. Аймактын кышы узак, октябрь-ноябрда кар түшүп калат. Быйыл болсо биринчи кар сентябрда эле түштү.
Кыргызгидрометеорология агенттиги 12-сентябрдан бери тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскертип жаткан.
Количество просмотров: 38