• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн шаарча курулат

26 Аяк оона 2021 15:55 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирдин этникалык кыргыздары үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Садыр Жапаров Памирде калган афгандык кыргыздарды көчүрүп келип жайгаштыруу үчүн болжолдонуп жаткан турак жай курулушунун долбоору менен таанышуу учурунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берген.

Муну менен, Кашка-Суу айылында Бурган-Суу тилкесинде 30 га жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган.

Бул аймакта турак жайлардын, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин, саламаттыкты сактоо объектилери жана башка социалдык объектилердин салынышы пландалууда.  

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым объектилердин курулушу «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фондунун көмөктөшүүсүндө жүргүзүлөт.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып, афгандык кыргыздарды үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин аларды сактап калуу максатында, тарыхый мекенине көчүрүп келүү ниетин дагы бир жолу белгиледи. Бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экенин эске салды.

Анын айтымында бул жерде келечекте 300-400 үй памирлик кыргыздар жагымдуу шарттары менен жашай алгыдай курулат.

Президент чогулгандар менен баарлашып, алар турак жай жана жер көйгөйлөрү, автотранспорттук логистика, ичүүчү суу маселелерин көтөрүп, социалдык мүнөздөгү маселелерди чечүүнү тездетүүнү өтүнүштү.

Садыр Жапаров жергиликтүү калктын суроо жана каалоо-тилектерин угуп, жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында райондордун акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейе турганын эске салды. Муну менен жергиликтүү калкты тынчсыздандырган көпчүлүк маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин деңгээлинде ыкчам чечилет.

Алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, Мамлекет башчысы ар бир мамлекеттик органдын алдында шайлоо жараянынын таза жана ачык өтүүсүн камсыздоого катуу талаптар коюларын өзгөчө белгиледи.

«Парламенттин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа дал ошолор келиши үчүн бардык шарттар түзүлдү. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36 бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоочулар партия үчүн гана добуш берген өткөн шайлоолордон айырмаланып, алдыдагы шайлоолордо шайлоочулар партия үчүн эле эмес, андагы өзүнчө бир талапкерге да добуш берген система киргизилди. Эгер кайсыл бир мамлекеттик кызматкер шайлоо жараянына кийлигише турган болсо, ага карата токтоосуз түрдө катаал чаралар көрүлөт», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Баарлашуунун аягында анда курула турган билим берүү жана социалдык мекемелер жөнүндө айтып жатып Садыр Жапаров бул мектепти куруунун маанисине токтолду. 

«Бул айылда жашаган мекендештерибиздин урпактары өз Мекенинин гүлдөп өскөн аймакка айланышына, өлкөнүн өнүккөн мамлекеттердин катарына киришине салым кошот деп ишенебиз. Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен көчүп келип, тоолуу Бурган-Суу айылына отурукташкан боордошторубуздун балдары ыйык кыргыз жергесинде бакубатчылыкта чоңоюшсун», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров айылдын курулушуна капсула салып жатып.

Өз кезегинде аталган райондун аксакалдары мамлекет башчысынын Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздарды колдоо саясатын колдой тургандыгын баса белгилешти. Анткени алардын оор турмуш шарттарында жашаганына кайдыгер карап тура алышпайт.

Количество просмотров: 127