• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң-Арыкта жаңы үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды (сүрөт)

25 Бирдин айы 202514:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-февралда Бишкек шаарындагы Чоң-Арык конушунда жайгашкан №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы филиалынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор 26 миңден ашуун адамга кызмат көрсөтөт. Имаратта бейтаптарды ыңгайлуу кабыл алуу, дарыгерлердин жана медициналык кызматкерлердин иши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.Мында дарыгерлердин кабинеттери, ЭКГ, УЗИ, рентген, физиотерапия кабинеттери, стерилизациялоо, техникалык жана чарбалык имараттар жайгашкан.

«Чон-Арык конушунун тургундары өз убагында жана квалификациялуу медициналык жардам алуу үчүн поликлиникага муктаж болуп келген. Шаардык бюджеттин алкагында мэрия тарабынан аталган Үй-бүлөлүк медицина борборун куруу жана оңдоп-түзөө үчүн 145 млн сом бөлүнгөн. Албетте, муниципалитет бул багыттагы иштерин дагы улантат», — деп белгиледи мэрдин орун басары Виктория Мозгачева.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы №2 филиалынын имаратын ачуу биринчи кезекте медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.

Количество просмотров: 169