Чоң-Чүй каналына чөгүп кеткен бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июлда Чүй районуна караштуу Шамшы айылынын тургуну А.Ч. аттуу өспүрүм Чоң Чүй каналына түшүп кеткен.
«Аймактык бөлүмдөрүнөн 8 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан турган топ издөөгө чыгып, кеч киргенине байланыштуу издөө убактылуу токтотулган. Бүгүн таңкы саат 07:00дө кошумча куткаруучулар тартылып, издөө иштери уланууда»,-деп айтылат маалыматта.