• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чоң-Кемин дарыясына унаа кулап кетип 2 адам каза тапты

22 Жетинин айы 2018 14:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.11.2018. Govori.TV
Чүй облусунун Кемин районунда Чоң-Кемин дарыясына жүк ташуучу унаа кулап кетип, жыйынтыгында 2 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда ӨКМнин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп жолдон чыгып кеткен. Жыйынтыгында унаа дарыяга кулап анын ичиндеги 2 жаран көз жумган.
Алар 41 жана 42 жаштагы жарандар экендиги аныкталды.
Окуя болгон жерге ӨКМнин куткаруучулары барып, курман болгондорду милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Количество просмотров: 24