• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чодуев: Кыргызстанда учурда азык-түлүк жетиштүү

22 Чын куран 2020 15:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда учурда азык-түлүк жетиштүү. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын маалыматына таянсак, ишкерлер коңшу мамлекеттер менен өз ара келишимдерди түзүп, жергиликтүү рынокту толтурууда.

«Ишкерлерде чоң ыраазычылык билдиребиз. Бардык жолдор менен келишимдерди түзүп, анын ичинде Россия жана Казакстан менен сүйлөшүп, рынокту толук камсыз кылышууда. Ачыгын айтканда, май өсүмдүктөрү жагынан бизде бир аз көйгөй бар. Бирок бүгүнкү күндө кампалар толтура, эч кандай көйгөй жаралбайт», — деп ишендирди ал.

Количество просмотров: 47