• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт

10 Баш оона 2023 14:35 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт. Мелдешке 15ке жакын өлкөдөн 400дөй спортчу катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, иш-чара 22-23-август күндөрү Чолпон-Атадагы “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

Эркектер жана кыз-келиндер арасындагы күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча Дүйнө кубогуна төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:

Эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
Кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;
Эркектер (күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
Кыз-келиндер (күжүрмөн самбо): 59, 65, 72 кг.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрында Кыргызстанда биринчи жолу самбо боюнча Дүйнө чемпионаты өткөн.

Количество просмотров: 86