• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чолпон-Ата ШКУнун маданий борбору болмокчу

1 Аяк оона 202513:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 25-жыйынында сөз сүйлөдү.

Президент кыргыз тараптын төрагалыгынын мезгилине ШКУнун туристтик жана маданий борбору катары Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Чолпон-Ата шаары бекитилерин белгиледи.

Садыр Жапаров мунун алкагында бир катар иш-чаралар, анын ичинде залкар жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы биринчи жолу өткөн юбилейлик Ысык-Көл «интеллектуалдык» форуму пландаштырылганын кошумчалады.

Мамлекет башчысы ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин маданий-спорттук делегацияларын Кыргызстан 2026-жылдын күзүндө өткөрүүнү пландап жаткан кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Количество просмотров: 117