• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026
Screenshot

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам Чолпон-Атаны суу каптады

2 Теке 20266:59 Бишкек Govori.TV

1-июль күнү Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарында жана шаарга жакын жайгашкан айрым айылдарында суу каптоо учурлары катталды.

Алдын ала маалымат боюнча, саат 19:35 чамасында Биджай кичи районундагы Арал каналында суунун деңгээли көтөрүлүп, жээкти бузуп, «ТНК Бетон» чыгаруучу заводдун аймагын жана жатаканаларын суу каптаган. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын күчү менен 7 инженердик техника тартылып, саат 21:30да суунун нугу бурулган.

Кийинчерээк, саат 20:50дө, нөшөрдүн кесепетинен жаандын суусу Талас көчөсүндөгү жеке турак үйдүн жер төлөсүнө жана «Арча Макс» конок үйүнүн короосуна кирген. Окуя болгон жерге ӨКМдин №31 өзүнчө куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу тартылып, жер төлөгө кирген суу мотопомпанын жардамы менен сордурулуп, аймакты суу каптоодон коргоо иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле саат 23:40 чамасында Чолпон-Ата шаарындагы «Лукаморье» эс алуу жайынын имаратына суу кирүү коркунучу жаралган. Куткаруучулар жана атайын техникалардын жардамы менен суунун нугу бурулуп, жээктер бекемделген. Коопсуздук максатында эс алуу жайынан 24 адам эвакуацияланып, жакынкы мейманканаларга жайгаштырылган.

Учурда нөшөрлүү жаандан улам жаралган кырдаалды көзөмөлдөө жана анын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Окуя болгон жерлерде ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Мирлан Карабаев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Жеңишбек Ормонов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ыкчам штаб түзүп, абалды көзөмөлгө алышкан.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Тиешелүү кызматтар тарабынан абалды турукташтыруу жана мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алуу боюнча иштер улантылууда.

Количество просмотров: 39