• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чолпон-Атада өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы

20 Баш оона 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттеринин өкмөт башчылары, ошондой эле байкоочу катары Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышышты.

Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдары боюнча маселелерди карашты.

Мындан тышкары, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө аккредитациялоо боюнча Евразиялык аймактык уюмун түзүү маселеси жана күн тартибиндеги башка бир катар актуалдуу маселелер каралды.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Алсак, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду, алардын ичинде: 2021-2023-жылдарга координацияланган Транспорттук саясатын ишке ашыруунун негизги багыттары жана баскычтарын ишке ашыруу боюнча «жол картасы» жана ЕАЭБ алкагында органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы рыногун түзүү боюнча «жол картасы».

Количество просмотров: 146