Бишкек.21.12.2018.Govori.TV
Комуздун керемет күүсүн кыргыз эле эмес дүйнөгө тааныткан таланттуу комузчу Чолпон Мелисбекова биздин агенттикке келип маек курду.
Ал буга чейин «Акак» комузчулар ансамблинин солисти жана «Чолпон & Эламан» дуэтинин комузчусу катары таанылган. Чолпон Мелисбекова дүйнөлүк хит обондорду комуз менен аткарып, күүгө салып, эл көӊүлүн бурдуруп келе жатат.
Көпчүлүк Чолпон менен Эламанды ээрчише бирге комуз чертип жүргөнүнө көнүп калган. Бизге Чолпон шериги Эламансыз жалгыз маек берди.
Ал чыгармачылыгын мындан ары жеке улантат.