• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чолпон Жакупова: “Коррупцияга каршы күрөш журналисттерсиз ишке ашпайт”

23 Бугу 2018 12:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23. 05. 2018. Govori.TV
“Коррупцияга каршы күрөш журналисттерсиз ишке ашпайт”. Бул тууралуу укук коргоочу Чолпон Жакупова ММКлардын эркиндиги тууралуу жыйында айтты.
Анын айтымында, кайсы мамлекетте ММКлардын ачыктыгы болсо ошол жакта өнүүгү жана коррупцияга каршы ыраттуу күрөш жүрөт.
“Президент азыр коррупцияга каршы күрөштү жүргүзөм деп жатат. Бирок, эгер ММКлардын укуктары корголуп, аларга чыккан материалдарга бийлик тарабынан маани берилбесе, анда коррупцияга каршы күрөш жүрбөйт. Биз коррупционерлердин укугунан биринчи журналистердин укугун жолго коюшубуз керек”,-деди ал.
Эске сал кетсек,  экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда эркин ММКларга кысым күчөп, журналисттерге миллиондогон доолор коюлган.
Количество просмотров: 4