• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Чолпонбаев: Өлкөдө коронавирусту текшерүү үчүн тест-системалар жетиштүү

20 Жалган куран 2020 10:44 Бишкек Govori.TV

Коронавирус инфекциясын текшерүү үчүн өлкөдө тест-системалар жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө тест-системалары жетиштүү.

“Тест-системалары бизге Россиядан, Япониядан келүүдө. Ошондой эле аларды Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Германиядан алдык. Гуманитардык линия боюнча да тесттер келүүдө”, — деди министр.

Эскерте кетсек, Ноокат районунда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталып, учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алтыга жетти. Алардын баары умрага барып келгендер.

Количество просмотров: 89