Мурдагы өкмөт башчысы Игорь Чудинов «Курулуп жаткан электростанциялар» дирекциясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен ырасташты.
“Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясы 2023-жылы түзүлгөн.
Игорь Чудинов 2007-жылдан 2009-жылга чейин премьер-министр болуп иштеген. 2009-жылдын 6-ноябрында Кыргызстандын өнүктүрүү фондунун башкы директору болуп дайындалган.
2010-жылы Апрель окуясынан кийин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармалып, көп өтпөй эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган.