• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Чуу жараткан 21 миллион. Президент иликтөөнү тапшырды

17 Бугу 2023 9:52 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди»,-деп билдирди Султанбаев.

Эске салсак, иш учурунда каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнө турган 21 миллион сом кенемте социалдык тармактарда талкуу жараткан.

Количество просмотров: 226