• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Каза болгон прокурорго төлөнчү 21 миллион сом кенемте талкуу жаратты

16 Бугу 2023 9:11 Бишкек Govori.TV

Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө төлөнө турган 21 миллион сом кенемте социалдык тармактарда талкуу жаратты.

15-май күнү Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде аталган маселе каралып колдоо тапкан. Комитеттин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева мыйзам боюнча иш учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөнөрүн билдирген.

“Кыргыз Республикасынын прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзамынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, кызматтык милдеттерин аткарып жатканда курман болгон адамдын үй-бүлөсүнө төлөнө турган материалдык акы бар. Ал “акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебинен 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку акы төлөнөт” деп жазылган. Ал 21 миллион 699 миң сомду түзөт”,-деген Коңкубаева.

Эл өкүлдөрү кызмат учурунда каза тапкан прокуратура кызматкерлерине бериле турган кенемте өтө эле көп экенин айтып, мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүштү.

Эске салсак, Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков былтыр июль айында жол кырсыгынан каза болгон.

Количество просмотров: 518